Бишкек: Өскөн-Ордо конушундагы 750 орундуу жаңы мектеп ачылды

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда республика боюнча бир убакта 20 социалдык объекттин ачылыш аземи өттү.

Алардын катарында Бишкек шаарындагы Өскөн-Ордо конушунда курулган 750 орундуу жаңы мектеп да бар.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Өскөн-Ордо конушундагы мектеп — бул аймакта курулган алгачкы мектеп.

Үч кабаттуу мектеп имараты 750 окуучуга ылайыкталып, окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар каралган.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X