Бишкек саммити — саясий жана экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөр
1-сентябрда Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити жана “ШКУ+” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өттү. Жыйын Кыргызстандын ШКУга 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болуп, Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүздү.
Саммитке катышуу үчүн борбор калаабызга Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф келишти.
Анда мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
Аны улай “ШКУ+” форматындагы кеңейтилген курамдагы жыйын болуп, жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу орун алды.
“ШКУ+” форматындагы кеңейтилген курамдагы жолугушууга катышуу үчүн Бишкекке БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсүх, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Лаос Эл-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит, Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Мисирдин вице-премьер-министри Хусейн Мохаммед Ахмед Исса келишти. Мындан тышкары, Эл аралык уюмдардын арасынан КМШ, ЖККУ, ЕЭК, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме жана башка түзүмдөрдүн өкүлдөрү болду. Ошондуктан бул саммит Кыргызстан үчүн жөн гана кезектеги эл аралык жыйын эмес, дүйнөнүн бир нече ири державаларынын лидерлери чогулган маанилүү дипломатиялык аянтчага айлана алды.
Талкууланган маселелер
ШКУ 25 жыл мурда негизинен коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн түзүлгөн. Бирок, бүгүн уюмдун иши бир топ кеңейип, Бишкекте өткөн бул саммитте терроризмге, экстремизмге, баңгизатка жана транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөш сыяктуу маселелерден сырткары маалыматтык коопсуздук күн тартибинде болуп, экономикага байланыштуу маселелер маанилүү орунга чыкты. Тактап айтканда, транспорт, логистика, энергетика, санариптешүү, жасалма интеллект, жашыл технология жана соода маселелери талкууга алынды. Адистердин айтымында бул уюмдун коопсуздук маселелеринен чыгып, башка нукка өзгөрүп жатканын көрсөттү. Буга далил катары саммиттин соңунда 28 документ кабыл алынгандыгын келтирсе болот. Алардын эң негизгилеринин бири – Бишкек декларациясы. Ошондой эле ШКУнун Хартиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколу болду.
Коопсуздук боюнча да жаңы чечимдер кабыл алынганын белгилеп кетүү зарыл. Маселен, ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жараткан чакырыктарга каршы иштей турган “Универсалдык борбор” түзүлөрү айтылды. Мындан тышкары, уюмдун Антинаркотикалык борборунун аткаруу комитети боюнча жобо бекитилди. Транспорт тармагында 2026–2030-жылдарга портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы түзүлүп, жасалма интеллект, энергетика жана жашыл технологиялар боюнча кызматташууга байланыштуу чечимдер кабыл алынды.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде 200гө жакын иш-чара өткөрүлгөн. Бул иштер коопсуздук менен эле чектелбей, экономика, транспорт, маданият, гуманитардык кызматташтык жана санариптик өнүгүү боюнча да жолугушуулар болгон. Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү да кыргыз тараптын төрагалыгынын негизги багыттарынын бирине айланган.
Эл аралык институттарды реформалоо зарылдыгы
Саммитте сөз сүйлөгөн БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш ШКУнун БУУ менен көп жылдан берки кызматташуусун жогору баалап, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эл аралык институттарды реформалоо жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгын билдирди. Башкы катчы кызматташуунун төрт негизги багыттарын аныктап, глобалдык коопсуздук, өнүктүрүү үчүн каржылоо, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, жасалма интеллектти жөнгө салуу маселелерине токтолду. Мындан тышкары, Гутерриш Кыргызстандын акыркы убактагы экономикалык өсүшүн жогору баалап, өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине (2027–2028-жылдарга) туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы эл аралык аренадагы ролун арттырарын өзгөчө белгиледи. БУУнун маалыматына караганда, азыркы дүйнөгө көп тараптуу системаны көбүрөөк ылайыкташтыруу зарылчылыгы пайда болууда. Андыктан ШКУ саммитинин, ШКУ+ жыйынынын бул жолку форматы эң туура багыт экендигине токтолду. Ошондой эле саммиттин алкагында БУУнун башкы катчысы Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ирандын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, аймактагы тынчтык жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.
Коопсуздук колдоого алынды
Бишкектеги «ШКУ+» жолугушуусуна Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган: “Биз ШКУну “өсүп келе жаткан жылдыз” катары карап, бардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө умтулабыз, деп билдирип, уюмга кирген мамлекеттерде дүйнө калкынын 3,5 миллиардга жакыны жашай турганын, ал эми алардын жалпы ички дүң продукциясы 35 триллион долларга жетерин белгиледи. Түркия президенти ШКУ тынчтык жана коопсуздук менен гана чектелбестен, коопсуз транспорттук коридорлорду түзүүдө жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда да маанилүү экенин айтты. Ошондой эле ШКУ+ форматындагы жолугушууга катышкан байкоочу өлкөлөрдүн башчылары дагы сөз сүйлөшүп, ШКУнун бүгүнкү күндөгү коомдогу ролун, эл аралык алкактагы аброюн жогору баалашты.
Маанилүү үч багыт
Ошентип, бул саммит Кыргызстан үчүн үч негизги багытта пайда алып келе турган жыйын болду. Биринчиси – транспорттук коридорлордун ачылышы десек болот. Кыргызстан Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда жайгашкан. Ошондуктан жаңы жолдордун, логистикалык борборлордун жана соода каттамдарынын көбөйүшү өлкө үчүн маанилүү. Экинчиси – энергетика, үчүнчүсү – технология жаатында. Азыр жасалма интеллект жана санариптешүү дүйнөдө тез өнүгүп жаткан тармактардын бири. Кыргызстан бул тармакта артта калбашы үчүн адистерди даярдап, жаңы технологияларды экономикага киргизиши зарыл. Андыктан, ШКУ саммитин бир күндүк чоң саясий иш-чара катары гана эмес, Кыргызстандын алдыдагы экономикалык жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн бири катары кароого боло турган маанилүү жолугушуу катары кабылдоо керек.
Жазгүл Кенжетаева