Бишкек Сеулдун «Seoul Fitness 9988» долбоорун ишке ашырууга даярданууда
Бишкек менен Сеул «Seoul Fitness 9988» долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабына өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясында өткөн жолугушууда сөз болду.
Мэрдин орун басары Рахат Мусаева Сеул шаарынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен долбоордун буга чейин аткарылган иштерин талкуулап, алдыдагы кадамдарды макулдашты.
Корея тарап долбоордун кийинки этаптары жана аны ишке ашыруу жолдору боюнча презентация жасады. Ошондой эле долбоор ишке ашырыла турган объект каралып, аны даярдоо жана ишти уюштуруу боюнча практикалык маселелер талкууланды.
Тараптар адистерди даярдоо, долбоор ишке киргенден кийинки туруктуу ишин камсыздоо жана мындан аркы кызматташтыкты күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Белгилей кетсек, Бишкек Сеулдун «2026 Seoul ODA Challenge Program» программасына катышуу үчүн тандалган үч шаардын бири болду. Жалпысынан сынакка 18 өлкөдөн 47 шаардын атынан 51 арыз түшкөн. Бишкек «Seoul Fitness» багыты боюнча тандалган жалгыз шаар болуп калды.