Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы мэриянын каттарын карады
2026-жылдын 23-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны өттү. 
Жыйында Бишкек шаарынын мэриясынан келип түшкөн каттар каралды. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиевдин, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана шаардык салык кызматынын өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.
Талкуунун жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү тиешелүү чечимдерди кабыл алып, бир катар тапшырмаларды беришти.