Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү
2026-жылдын 29-июнунда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынды комиссиянын төрайымы Элнура Дуйшекеева алып барып, анда шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине сунушталуучу маселелер жана Бишкек шаарынын мэриясынан келип түшкөн каттар каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, ошондой эле мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери каралып жаткан маселелер боюнча маалымат беришти.
Талкуунун жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү сунушталган маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышып, жооптуу тараптарга бир катар тапшырмаларды жүктөштү. Каралган маселелер белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталат.