Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленди

31-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 183

2026-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Мааракелик иш-чарага Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев катышып, өздүк курамды, ардагерлерди жана конокторду юбилейлик дата менен куттуктады. Министр өз сөзүндө куткаруучулардын калктын коопсуздугун камсыз кылуудагы, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюудагы маанилүү ордун белгилеп, кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгүнө жана кызматтык милдеттерине берилгендигине жогору баа берди.

Салтанаттын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, кызматтык жана күжүрмөн даярдыктагы жогорку көрсөткүчтөрү, ошондой эле жарандык коргонуу тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты. Аларга Ардак грамоталар, төш белгилер жана ар кандай даражадагы медалдар тапшырылды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Иш-чаранын катышуучуларын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев дагы куттуктап, куткаруучулардын жоопкерчиликтүү эмгеги жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуудагы зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.Нет описания фото.

Салтанаттуу бөлүк аяктагандан кийин өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын материалдык-техникалык базасы менен таанышышты. Алар кызматтык жайларды, атайын техникаларды, авариялык-куткаруу шаймандарын көрүп чыгып, өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттарга баа беришти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 25 жылдык мааракеси бөлүмдүн тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Мааракелик иш-чара кыргызстандык куткаруучулардын жогорку даярдыгын, кесипкөйлүгүн жана жарандардын өмүрү менен коопсуздугун камсыз кылуудагы күнүмдүк жоопкерчиликтүү эмгегин дагы бир жолу айгинеледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X