Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен 43 млн сом уурдалган
УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Бишкек мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражатты өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алганы ачыкталды.
Атайын кызмат Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү -«Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Парламенттик шайлоонун алдында, бюджеттик каражатты үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарына пайдалануу максатында тийиштүү кызматкерлер тарабынан каражатты эсептен чыгаруу боюнча мыйзамсыз схемалар түзүлгөн.
Бул багытта мэриянын 2020-жылдын 8-июнундагы №60 «Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби тууралуу Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Ошол эле учурда, жарандык долбоорлор жалаң гана шаардык кеңештин жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн.
Долбоорлор Бишкек мэриясы эмес, түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылган. Учурда ыкчам-иликтөө, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.