Бишкек шаардык транспортун электрлештирүү долбоору 2029-жылга чейин узартылышы мүмкүн

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74

Бишкек шаарында экологиялык таза транспортту өнүктүрүү боюнча иштер уланат.  Кечээ августта Бишкек мэриясынын өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву менен шаардык транспортту электрлештирүү долбоорунун келечегин талкуулашты.

Жолугушууда 2027-жылдан тарта ишке ашырылчу пилоттук «жашыл» мобилдүүлүк коридору жана автобус транспортунун туруктуу иштешин камсыз кылуучу жаңы багыттар каралды. АӨБ долбоорду 2029-жылга чейин узартууну пландап жатканын билдирип, Бишкектеги шаардык мобилдүүлүккө жаңы долбоорлорду кошууну сунуштады.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мындан тышкары, Бишкек мэриясы шаардык инфраструктурага күн панелдерин орнотуу жана күн энергиясын пайдалануу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.

Тараптар Бишкекте электр транспортун, «жашыл» энергетиканы жана экологиялык таза шаардык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты улантууга макулдашты.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X