Бишкек шаары транспорттук коллапстан арылабы?

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 107

Ушул күндөрү Бишкек шаарында автотыгын болуп көрбөгөндөй чекке жетип, баш калаанын ар бир көчөсүндө күздүн келиши менен жол тыгындары миллиондогон шаардыктарга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Мындай көйгөйдөн качан арылабыз? Маселени чечүү үчүн реалдуу сунуштар барбы? Бир кездери 55 миң автоунаага ылайыкталган баш калаабызда учурда жарым миллионго чамалаган (Бишкекке аймактардан күнүнө кирип чыккан темир тулпарларды кошо эсептегенде көрсөткүч мындан да көп) кыймылсыз мүлктү борбор шаарыбыз көтөрө албай калганын калаа мэри Айбек Жунушалиев да бир курдай айтканы бар. Анда, көйгөйдү канткенде чечүүгө болот? Көпчүлүк калаа тургундарын кыжырданткан бул маселени коомчулуктун назарына чыгарып, айрым реалдуу сунуштарды эл сынына коюп көрдүк.     

Эксперт Эрнест Карыбеков:

“Борборду көчүрүү менен көйгөйлөрдөн арылабыз”

— Жеке мен баш калаадагы бул көйгөйдү көптөгөн жылдардан бери коңгуроо катары кагып, шаар бийлигине реалдуу жагдайдагы сунуштарымды айтып келүүдөмүн. Учурда көйгөйдү чечүүнүн эң реалдуу варианты, борбор калааны өлкөбүздүн башка аймагына которуу керек. Мындай сунуш мезгил-мезгили менен көтөрүлүп келгени менен маселеге кулак салган эч ким жок. Маселен, ошол эле тарыхый аты бар, тогуз жолдун тоомунда, өлкөбүздүн бардык аймактарына жакын, жакында темир жол жеткен Кочкор районунун борборуна өлкөбүздүн баш калаасын которуп кеткенге эмнеге болбосун? Кочкордон чыгып, Жумгалдагы Кызарттын белине чейин Бишкектей калаадан 5ти жайгаштырса болот. Анан калса Кочкорго жакын жайгашкан Жумгалга эң көлөмдүү жылуулук борбору (ЖЭБ) курулганы турат. Бүгүн жалпы Чүй аймагы, айрыкча Бишкек шаары ашыкча жүктү көтөрө албай калды. Бишкек шаарына баарыбыз ашыкча топтоло берип, булганган абанын айынан элибиздин ден соолугуна олуттуу доолор кетүүдө. Түтүн менен унаа тыгынына улай калаада ичүүчү суунун тартыштыгы да кадимкидей байкалууда. Эгерде ушундай ыргак менен кете берсек, алдыдагы жылдары Бишкекте кадимкидей суу тартыштыгы жаралат. Ошондуктан, маселени алдын алып, борборду өлкөбүздүн башка аймагына которуп кетүү менен Бишкектеги көп көйгөйлөрдү чечсе болот.

Бишкек шаарынын тургуну Айбек Калыков:

“Калаа жетекчилиги шаардыктарга кайрылуу кылбаса болбой калды”

— Айла кетип калды. Бүгүн Бишкек шаарында көчөгө чыгып, бир жерге барыш күчөтүп айтканда, тозокко бара тургандай болуп калды. Мен ыңгайдан пайдаланып айтайынчы, унаа тыгын учурунда айланамды карасам бир машинада бирден гана киши отурат. Ошол жарандарыбыз унаасын токтотуп коюп, жумушуна коомдук транспортту колдонсо болбойбу? Күйүүчү май кымбаттаган азыркыдай шартта өздөрүнө деле жакшы го, туурабы? Экинчиден, шаардыктар коомдук транспортторду пайдаланышса, унаа тыгыны дагы азыркыдай жаралмак эмес. Көчөдөгү тыгының бир тең, көздөгөн жериңе эптеп жетсең унааңды токтотконго жер таппайсың. Жогорку бийликтеги таасирдүү жетекчилерибиз шаар тургундарына жеке унааларын дем алуу күндөрү гана пайдаланып, иш учурунда коомдук транспортту пайдаланууга чакырык жасап, атайын кайрылуу менен чыгышса, тыгын кичине болсо да азаймак. Учурда мектеп, бала бакчаларга балдарыбыз тыгындын айынан кечигип, сабакка да тыңгылыктуу көңүл бура албай калышты. Ошондуктан, тиешелүү жетекчилерге бул көйгөйгө олуттуу көңүл бурууга чакырам. Бишкек шаарыбыз учурда унааларды көтөрө албай калды. Күнбү-түнбү айырмасы жок. Тыгында кала берип, чарчап бүттүк. Нерв кетти. Шаар бийлиги тез арада борбор калаабыздын тургундарына кандайдыр бир кайрылуу кылбаса болбой калды. Чыдам түгөндү.

Бишкек шаарындагы №118 автобустун айдоочусу Куттубек Жоробеков:

“Тыгындан улам кечигүү болууда”

— Шаардагы унаа тыгыны болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Шаар ичинде коомдук транспорт же өздүк унааң менен көздөгөн жериңе барганга караганда жөө барсаң, бат жеткидей абалга келдик. Биз го көнүп баратабыз дейли, катуу тыгында медициналык кароого өтө шашылыш муктаж бейтаптар эмне болот? Толгоосу келген келиндерчи? Жүз миңдеген унаалар тыгында турушат. Өзгөчө окуучу балдарга кыйын болууда. Мектепке дал ушул тыгындын айынан кечигип барышууда. Шаар бийлигинен бирөө-жарымы бул маселеге киришпесе болбойт. Дал ушул жүз миңдеген  унаалардын айынан борбор калаанын абасы өтө булганып, түтүнгө чулганып калдык. Шаардагы элибиздин ден соолугун түтүн талкаласа, экинчиден, сааттап турган тыгын нерв кылып бүтүрмөй болду. Мындай жашоо болбойт. Шаардагы унаа саясатын мэрия тыңгылыктуу, учур кырдаалына карата иштеп чыгышпаса абал жакшы жагына ообойт.

Калыгул Бейшекеев

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X