Бишкек шаарында 11 көчө оңдолуп бүтүп, колдонууга берилди

10-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 22

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Оңдолгон көчөлөрдүн узундугу 13,5 чакырымды түздү.

Тагыраагы:

Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махамат Гандиден Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;

Ташкент көчөсүнүн Турузбековдон Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;

Каркыра көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушундагы Ак-Ордо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Дзержинский көчөсүнүн Жибек Жолунан Баялиновго чейинки бөлүгү.

Жол тыгындарын азайтуу үчүн төмөнкү көчөлөр да колдонуу алдында турат:

Карасаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Юнусалиевге чейинки бөлүгү;

Стадионная көчөсүнүн Абдрахмановдон Ынтымак конушундагы Магистральная көчөсүнө чейинки;

Будённый көчөсүнүн Чүй проспектисинен Салиевага чейинки;

Матросов көчөсүнүн Медеровдон Ахунбаевге чейинки;

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеровдон Кулатовго чейинки;

Шота Руставели көчөсүнүн Ахунбаевден Гагаринге чейинки бөлүгү.

Мында капиталдык ремонт иштери бүткөнү менен тротуарларга тийиштүү иштер аяктай элек. Иш кадимкидей жүрө бермекчи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X