Бишкекте 29-апрелде Шаар күнү белгиленет

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33

29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенинин 148 жылдыгы белгиленет. Бул датага карата шаардын төрт районунда шаар тургундарын жана конокторун бириктирген түрдүү маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов районунда майрамдык иш-чаралар 29-апрелде саат 11:00дө Театралдык сейил багында өтөт. “Бишкек – кылымдардын гармониясы” аталышындагы программага искусство мектептери жана балдардын чыгармачылык борборлору катышат. Ошондой эле ошол эле күнү саат 9:00дө Карагач токоюнда №23 мектептин окуучулары үчүн чуркоо уюштурулат.

Биринчи Май районунда саат 15:00дө “Вефа” соода-оюн-зоок борборунда концерттик программа тартууланат. Кечки саат 17:00дө И. Панфилов атындагы сейил багында “Кечки Бишкек” жана “Келечектин шаары” темаларында сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар, ошондой эле кийизден буюм жасоо боюнча окутуулар өткөрүлөт.

Октябрь районунда майрамдык иш-чаралар 28-апрелде башталат. Саат 17:00дө “Ынтымак-2” паркында Кыргыз Республикасынын эл артисти Курмангазы Азыкбаев жана “Энесай” тобу катышкан концерт уюштурулат.

Ленин районунда 29-апрелде саат 11:00дө Фучик сейил багында эстрада жана фольклор аткаруучуларынын катышуусунда концерт өтөт. Мындан тышкары, коноктор үчүн кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, улуттук оюндар, эстафеталар жана шахмат турнирлери уюштурулат.

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X