Бишкек шаарында 8 айлык наристеге коронавирус жукту
30-мартта 8 айлык наристеден COVID-19 аныкталды. Наристеге илдет бир тууган эжесинен жуккан. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
Айнагүл Рыскулбекованын айтымында, наристенин эжесинен коронавирус 25-мартта тастыкталган.
«Наристеден оорунун клиникалык белгилери байкалгандан кийин медициналык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ПЧР-анализи оң жыйынтык көрсөткөн. Наристенин абалы азыр канааттандырарлык, ал үйүндө дарыланууда», — дейт Рыскулбекова.