Бишкек шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калганын билдирген электрондук такта ачылат

22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 212

23-майда саат 19:30да Ала-Тоо аянты аянтында “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды” аттуу электрондук тактаны ишке киргизүүгө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, “Оюндарга 100 күн калды” датасы дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келе турган катышуучулар, коноктор жана туристтер үчүн маанилүү символикалык этап болуп эсептелет. Бул күн дүйнөдөгү эң ири этномаданий жана этноспорттук долбоорлордун бири болгон VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакындап калганын билдирет.

Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктор үчүн концерттик программа, улуттук спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар, өнөктөштөрдүн жана тематикалык аянтчалар уюштурулат. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик продукциялары таратылат.

Салтанаттуу кечеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын өкүлдөрү, өнөктөштөр, ыктыярчылар, шаар тургундары жана коноктор катышары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X