Бишкек шаарында кара куурай жана гашиш сактаган жаран кармалды

4-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 213

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы эл аралык «Канал – Янтарь жээги» операциясынын алкагында баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт койду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1987-жылы туулган А.Н.П. аттуу жаран кармалган.

Шектүүнүн Бишкек шаарындагы жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө короодон жалпы салмагы 175 граммды түзгөн 13 түп өстүрүлгөн кара куурай өсүмдүгү, ошондой эле 110 грамм кара куурай баңгизаты табылып, алынган.

Мындан тышкары, үйдүн чатырынан жалпы салмагы болжол менен 5 килограммды түзгөн «гашиш» баңгизаты салынган үч полиэтилен баштык аныкталып, далил катары алынган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Учурда алынган заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X