Бишкек шаарында муниципалдык кызматкерге карата кылмыш иши козголду
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкери К.Ы.М.га карата кылмыш иши козголду.
Маалыматка ылайык, шаар тургундары менен болгон жолугушууларда келип түшкөн кайрылууларды кароо учурунда текшерүү иштери жүргүзүлүп, аталган кызматкер жеке ишкерден кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдаланууга жол бергендиги аныкталган. Мындан тышкары, ал системалуу түрдө акча каражатын алып турганы белгилүү болду. Жалпы мыйзамсыз алынган сумма 195 000 сомду түзгөн.
Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 342-беренеси (пара алуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылууда.