"Эркин-Тоо"

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун салык кызматкери коррупцияга шектелип кармалды (ВИДЕО)

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун башкармалыгынын башчысы Б.Т.Т. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүү жасады.

Ал мыйзамсыз баюу максатында кол алдындагы кызмат адамдары менен бирге, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъектилерин системалуу түрдө акча алган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө.
УКМК тараткан видеодон кызматкер өзүнүн иш бөлмөсүндө адамдар менен жолугуп, алардан конверт алып жатканын көрүүгө болот. Андан ары УКМК кызматкерлери анын бөлмөсүнө кирип, тинтүү жүргүзүшөт.
Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун башкармалыктын башчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК опузалап пара талап кылуу жана ишкердик субъектилеринен пара алуу сыяктуу коррупциялык схемалар салык кызматынын башка аймактык бөлүмдөрүндө дагы орун алып, бул жалпы мамлекеттик башкарууга кедергисин тийгизип, ички инвестициялардын кетип калышына алып келээрин билдирди.
Буга байланыштуу көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болгон учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коомдук кабылдамасынын 660020 номерине же Whatsapp 0501660020 ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөт.

Пример HTML-страницы