Бишкек шаарынын борборуна салынып жаткан имарат бузулууда (видео)

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Бишкекте «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) жанында темирден салынып жаткан имаратты бузуу иштери башталды.

Калаанын мэри Айбек Жунушалиев аталган объектини үч күндүн ичинде алуу боюнча тапшырма берген. Мындай чечим курулуштун эскиздик планы өзгөрүп, бекитилген чектен чыгып кеткенине байланыштуу кабыл алынган. Мэр азыркы калыбында калса, дүкөндүн жанындагы фонтан сакталбай каларын айткан.

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X