Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Шакир Маматов дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койгон.
Муфтий Шакир Маматовду казыяттын эмгек жамааты менен тааныштырды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын казысы болуп буга чейин Самидин Атабаев иштеп келген.