Бишкек ШКУ саммитине даярдык көрүүдө: шаарды жашылдандыруу иштери жүрүүдө

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 101

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине карата көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери «Манас» эл аралык аэропортуна баруучу жолдогу транспорттук түйүндө 24 миң чарчы метр аянтка газон себүү иштерин аяктады.

Учурда газондорду сугаруу, өсүмдүктөрдү багуу жана жашыл аянттарды жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 16 миң чарчы метр жерге күндөн коргоочу тор орнотулуп, 14 миң 200 чарчы метр аянтка геотор төшөлүп, газон чөптөрү себилди.

Мындан тышкары, шаар аймагында бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштери уланууда. Көрктөндүрүү иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X