Бишкек–Шопоков жолунда реконструкция уланууда
Бишкек–Күн-Туу–Шопоков автожолун реконструкциялоо иштери уланууда. Учурда жолдун 6 чакырымына асфальттын эки катмары толук төшөлүп бүттү.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда жол белгилерин орнотуу, чийиндерди түшүрүү жана кыймыл коопсуздугун камсыздоо иштери жүрүп жатат.
Жолдун жаңыланышы жергиликтүү тургундардын, коомдук транспорттун жана жүк ташуучу унаалардын каттамын жеңилдетип, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
Белгилей кетсек, автожолду реконструкциялоо иштери 2025-жылы башталган. Курулуш министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.