Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча аба каттамдары жанданат

Үстүбүздөгү жылдын 25-майынан тарта россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунан Сочиге каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү аткарылат.

Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча «МЭА» ААК авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X