Бишкек V курултайга өз өкүлдөрүн тандады
Бишкектен V Элдик курултайга шайланган делегаттардын катышуусунда уюштуруу жолугушуусу өттү. Анда алдыдагы жыйындын күн тартиби, уюштуруу маселелери жана делегаттардын катышуу тартиби талкууланды.
Жолугушуу 6-ноябрда «Тунгуч» театрында өтүп, ага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү катышты.
Кубанычбек Иманалиев делегаттарды шайланышы менен куттуктап, борбор калаанын тургундарын түйшөлткөн маселелерди курултайда көтөрүүдө алардын ролу маанилүү экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан V Элдик курултайга катышуу үчүн жалпы 500 делегаттын ичинен 72 өкүл шайланган.
Жолугушууда добуш берүү аркылуу Элдик курултайдын Улуттук кеңешине эки талапкер көрсөтүлүп, Эсептөө комиссиясына бир өкүл тандалды. Ошондой эле курултайда сөз сүйлөй турган 15 делегат аныкталды. Алар борбор калаанын тургундарынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын ортого салышат.
V Элдик курултай 2026-жылдын 18–19-декабрында Бишкек шаарында өтөт.