Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаары жана Чүй облусундагы 17 курулуш объектисин текшерип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, текшерүү учурунда курулуш нормалары менен эрежелеринин, техникалык жана эмгек коопсуздугунун талаптарынын сакталышы, ошондой эле курулуш аянттарынын талапка ылайык уюштурулушу каралды.
Текшерүүдөн өткөн объектилердин арасында көп кабаттуу турак үйлөр, турак жай комплекстери, административдик имараттар жана башка курулуштар бар.
Департамент берилген эскертүүлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөп, талаптарды бузган объектилерге мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди.