Бишкек шаарында жана Чүйдө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен курулуш талаптарын сактоо боюнча жыйын өттү.
Жыйынды Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти уюштурду. Ага департаменттин директору Марат Акназаров жана жетекчиликтин өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда курулуш иштерин бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүү, курулуш ченемдери менен эрежелерин так сактоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле курулуш аянтчаларында тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, айланасында башаламандыкка жол бербөө жана жакын жайгашкан аймактарга ыңгайсыздык жаратпоо талаптары белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө компания өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуштарын айтышты. Тараптардын ортосунда пикир алмашуу болуп, бир катар маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Жыйынтыгында чет элдик курулуш компанияларына мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын жана бекитилген долбоордук чечимдерди так сактоо, иштерди белгиленген тартипте жүргүзүү боюнча талаптар эскертилди.