Бишкек жаңыланууда.Борбор калаада ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда
Бишкекте шаардык инфраструктураны жаңылоо, транспорт системасын өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган ири инвестициялык долбоорлор кызуу ишке ашырылууда.
Алардын катарында жолдорду реконструкциялоо жана транспорттук түйүндөрдү куруу долбоорлору бар. «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» жана «Бишкек шаарындагы транспорттук жол түйүндөрү» долбоорлорунун алкагында Курманжан Датка көчөсү жаңыланып, үч транспорттук жол түйүнү курулат. Бул долбоорлорго 32,6 млн доллар гранттык каражат каралган.
Шаардагы маанилүү долбоорлордун бири — таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү завод. Ага 95 млн доллар инвестиция салынган. Ишкана суткасына 1 миң тоннага чейин калдыктарды иштетип, 30 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү. Учурда 80 жумуш орду түзүлдү. 2026-жылдын июль айында заводдун экинчи этабынын капсула салуу аземи өтүп, анда калдыктарды кайра иштетүү көлөмүн суткасына 2 миң тоннага чейин жеткирүү каралган.
Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Бишкектин тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун инвестициялык көлөмү 56 млн долларды түзөт. Иштер аяктагандан кийин саркынды сууларды тазалоо кубаттуулугу суткасына 500 миң куб метрге чейин көбөйөт.
Борбор калаада жаңы ири комплекстер да курулууда. «Ак-Кула» ат майданынын мурдагы аймагында көп функционалдуу комплекс курууга 300 млн доллардан ашык инвестиция тартылууда. Ал эми «Бишкек-Сити» долбооруна «Туран Сити» компаниясы менен биргеликте 300 млн доллар инвестиция салуу пландалган.
Ошондой эле 1 млрд 200 млн сомдук «Оптима» турак жай комплексинин долбоору иштелип чыккан. Анда турак жайлардан тышкары парк, эс алуу зоналары, билим берүү жана маданий объектилерди түзүү каралган.
Спорттук инфраструктура да жаңыланууда. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында теннис боюнча эки спорт комплексин реконструкциялоого 440 млн сомдон ашык инвестиция багытталууда.
Жалпысынан бул долбоорлор Бишкектин транспорттук жана коммуналдык инфраструктурасын жаңылоого, жаңы коомдук мейкиндиктерди түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана кошумча жумуш орундарын камсыз кылууга багытталган.
Ири инвестициялардын көбөйүшү борбор калаанын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатып, Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу шаарга айлантуу багытындагы иштерди тездетүүдө.