Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өттү

12-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

Бишкек Жылуулук электр борборунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана Айбек Джунушалиев катышкан көчмө жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы чыгарылып, ошондой эле “Бишкек Жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери талкууланды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Иш-чаранын алкагында жетекчилер учурда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк жайларды кыдырып чыгышты. Мындан тышкары, алар күл жана шлак калдыктарын кайра иштетүү жана жок кылуу долбоорунун жүрүшү менен таанышышты. Белгиленгендей, аталган долбоор топтолгон өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

Адистердин маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруу ЖЭБдин өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатуу менен бирге өнөр жай калдыктарын рационалдуу пайдаланууда маанилүү кадам болуп эсептелет.Возможно, это изображение поезд и нефтеперерабатывающий завод

Имараттарды жана өндүрүштүк объектилерди текшерүүдөн кийин кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү жана борбор калаанын тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.Возможно, это изображение текст

Өз кезегинде Айбек Джунушалиев жылытуу мезгилине даярдык иштери бекитилген графикке ылайык жана техникалык талаптарды сактоо менен жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Кульджигачев негизги жана көмөкчү жабдууларды оңдоо, ошондой эле борбор калаанын жылуулук-энергетикалык комплексин алдыдагы жылытуу сезонуна даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.Возможно, это изображение нефтеперерабатывающий завод и литейный завод

Жыйындын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга пландалган оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу, жабдуулардын даярдыгына көзөмөлдү күчөтүү жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X