Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык иштери уланууда
Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык уланып, оңдоо иштери жүрүүдө.
Учурда казан жана турбиналык жабдууларда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле станциянын негизги өндүрүштүк системалары текшерилип, калыбына келтирилүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштер жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча бекитилген планга ылайык аткарылууда. Алар алдыдагы жылытуу мезгилинде ЖЭБдин ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.