Бишкекте өтүп жаткан чемпионатта эркин күрөш башталды

10-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын бешинчи күнүндө эркин күрөш боюнча балбандар килемге чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештин алкагында спортчулар 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмак категорияларында байгелер үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргойт:

  • 57 кг чейин — Абдымалик Карачов;
  • 65 кг чейин — Рустамжан Кахаров;
  • 70 кг чейин — Эрназар Акматалиев;
  • 79 кг чейин — Жакшылык Байташов;
  • 97 кг чейин — Каныбек Абдулхаиров.

Алдын ала беттештер саат 11:00дө башталды.

10-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X