Бишкекте өзүнө өрт койгон жаран каза болду

1-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Бишкекте өзүн-өзү өрттөгөн жаран ооруканада каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Мурдараак маалымдалгандай, 1979-жылы туулган үй-жайсыз А.Р. аттуу жаран өзүнө өрт коюп, денесинин 80 пайызы күйгөн. Ал оор абалда Тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Белгиленгендей, аталган жаран өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган.

1-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X