Бишкекте өзгөчө балдар үчүн жаңы өнүктүрүү борбору ачылды

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Бишкек шаарында аутизм спектринин бузулушу жана башка менталдык өзгөчөлүгү бар балдар үчүн “Акнур кидс” өнүктүрүү борбору ачылды. Борбор Акнур коомдук фонду тарабынан негизделди.

Борбордун жетекчиси Элиза Кадырованын айтымында, бул жерде өзгөчө балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө комплекстүү жардам көрсөтүлөт. Тактап айтканда, нейрокоррекция, сенсордук интеграция, мектепке даярдоо жана чакан топтордо социалдаштыруу кызматтары бар.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңеш жана райондук билим берүү башкармалыгынын борборго колдоо көрсөтөрү белгиленди.

Иш-чарага катышкандар азыр мындай борборлор өлкөдө абдан керек экенин айтып, алардын санын көбөйтүү зарылдыгын белгилешти.

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X