Бишкекте №13 автобустун түнкү каттамын ачуу маселеси каралды

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 87

Бишкек шаардык мэриясында «Бишкекавтобекет» муниципалдык ишканасынан каттаган №13 автобустун түнкү каттамын уюштуруу маселеси каралды.

Мэриянын маалыматына ылайык, жайкы туристтик сезондун башталышына байланыштуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору автобекеттен шаарга түнкү убакта жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул демилгени Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев колдоп, тиешелүү кызматтарга түнкү каттамды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча тапшырма берди.

Белгиленгендей, түнкү каттамдын ишке кириши шаар тургундарынын жана туристтердин коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүп, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X