Бишкекте №40 автобустун каттамы экиге бөлүндү

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Бишкекте №40 автобустун каттамы экиге бөлүнүп, эми №40 жана №44 болуп каттайт.

№40 автобус «Жаңы ипподром — Чыңгыз Айтматов проспектиси» багыты боюнча жүрөт.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, мындай өзгөртүү автобусту күтүү убактысын кыскартып, жүргүнчүлөрдүн агымын бөлүштүрүүгө жана каттамдардын ылдам жүрүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле жаңы схема жол тыгындарын азайтып, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Каттамдардын жаңы жүрүү схемасы жана аялдамалары такталат.

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X