Бишкекте №83 мектептин 1200 окуучуга ылайыкталган жаңы корпусу ачылды
Бишкекте дагы бир билим берүү мекемеси жаңы корпус менен толукталды. Бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өлкө боюнча 20 социалдык объекттин ачылыш аземи онлайн форматта өттү.
Анын алкагында борбор калаадагы Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 дарегинде жайгашкан №83 жалпы билим берүүчү мектебинин жаңы кошумча корпусу пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.
Жаңы эки кабаттуу корпус «Ырыс Малик» ЖЧКсы тарабынан курулган. Имарат 1200 окуучуга ылайыкталып, заманбап шарттар менен жабдылган.
Мектептин жаңы корпусунда:
-
40 окуу кабинети;
-
2 компьютердик класс;
-
спорттук жана бий залдары;
-
китепкана;
-
ашкана;
-
актовый зал;
-
медициналык пункт жана башка зарыл бөлмөлөр жайгашкан.
Белгилей кетсек, бүгүнкү иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында жалпысынан 10 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.
Алар:
-
«Ак-Ордо» конушундагы №125 мектеп;
-
«Красный Строитель» конушундагы №32 мектептин кошумча корпусу;
-
«Киркомстром» конушундагы №42 мектептин кошумча корпусу;
-
«Кашка-Баш» конушундагы №124 мектеп;
-
«Арча-Бешик» конушундагы №79 мектептин кошумча корпусу;
-
№83 мектептин кошумча корпусу;
-
«Калыс-Ордо» конушундагы №86 мектептин кошумча корпусу;
-
«Өскөн-Ордо» конушундагы №120 мектеп;
-
«Көк-Жар» конушундагы №122 мектеп;
-
«Дордой» конушундагы №94 мектептин кошумча корпусу.
Жаңы мектептердин жана кошумча корпустардын ачылышы борбор калаадагы окуучулар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды кеңейтүүгө багытталган.