Бишкекте 1200 орундуу жаңы мектеп ачылууга даяр
Бишкекте Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде 1200 орундуу жаңы мектеп курулуп бүтүп, ачылууга даяр. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев объектти текшерген учурда билдирди.
Мектеп Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган.
Жаңы билим берүү мекемесинде заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик жана музыкалык кабинеттер, китепкана, ашкана, спорт зал жана чыгармачылык ийримдер үчүн бөлмөлөр каралган.
Мектепке 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Ошондой эле ар бир класста ысык жана муздак суу, заманбап жылытуу жана желдетүү системалары каралган.
1000 чарчы метрлик спорт залында душ бөлмөлөрү, ал эми жыйындар залында хореографиялык сабактар үчүн шарттар түзүлгөн. Окуучулар үчүн бийиктиги жөнгө салынуучу парталар жана эргономикалык отургучтар коюлган.
Мындан тышкары, мектепте медициналык жана стоматологиялык кабинеттер иштейт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн да жеткиликтүү шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен өлкө боюнча курулуп жаткан 36 жаңы мектепте бирдиктүү заманбап талаптар колдонулууда.
Жаңы мектеп жакынкы күндөрү Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылары күтүлүүдө. Мектеп эки нөөмөттө 2500гө жакын окуучуга билим алууга шарт түзөт.