Бишкекте 13 автобустук каттамдын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү
Бишкек шаарында 2026-жылдын 17-июнунан 18-июнуна чейин Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Буга байланыштуу 13 автобустук каттамдын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөөлөр жолду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында киргизилүүдө. Ошондой эле бул мезгилде коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлөт.
Убактылуу өзгөртүүлөр №10(Т), №103, №56, №152, №175, №66, №104, №35, №1, №9, №215, №45 жана №146 автобустук каттамдарына тиешелүү. Көрсөтүлгөн каттамдар оңдоо иштери аяктаганга чейин жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт.
Шаар бийлиги жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттун жаңыланган кыймыл схемалары менен алдын ала таанышып чыгып, сапарларын убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен пландаштырууга чакырды.