Бишкекте 14 кабаттуу үйдүн курулушунан мыйзам бузуу аныкталып, 200 миң сом айып салынды

18-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 118

Бишкектеги курулуш объектилерин текшерүү учурунда 14 кабаттуу турак жайдан мыйзам бузуу аныкталды.

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери Севастопольская көчөсү, 7 дарегиндеги турак жайдын курулушун текшерип, бир катар кемчиликтерди аныкташкан.

Тактап айтканда, имараттын 1-блогунун 7-кабатында плитадан чыгып турган арматуранын коргоочу катмарынын өлчөмү долбоордук талаптарга жооп бербегени белгилүү болгон. Адистердин айтымында, мындай талаптардын сакталбашы конструкциянын бекемдигине жана имараттын коопсуздугуна терс таасир этиши мүмкүн.

Мыйзам бузуу боюнча “Инком системс” ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.

18-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X