Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылды
Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирүүсүнд, Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14 мектептин 11-классынын окуучулары аралыктан окууга өтүштү.
Акматованын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 45 окуучудан коронавирус табылып, алардын бири пневмония менен ооруп калган. Мугалимдер арасынан COVID боюнча 24 учур катталып, алтоо пневмонияга чалдыккан.
Башкармалыктын өкүлү 4-чейректен тарта 1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар мектептепке барып окуса, калгандары (6,7,8 жана 10-класстар) аралыктан билим алып жаткандыгын билдирди.
1 607 окуучу ата-энелердин арызы менен онлайн режимде окуп жатышат.