Бишкекте 171 мыйзамсыз пайдубал жана бүтө элек курулуш демонтаждалды
Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгына ылайык өткөрүлүп жатат.
Ленин районунда 11-августта жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган төрт факт аныкталды. Анын ичинде Орок айылындагы №166 контурда мыйзамсыз түрдө пайдубал куруу иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле мамлекеттик жер тилкесине убактылуу курулуш тургузулган жана дагы эки мыйзамсыз курулуш фактысы катталган.
Свердлов районунда 6-августтагы рейд учурунда «Нуркожо-Ата» конушунун 11-көчөсүндөгү жер тилкесине пайдубал куюу фактысы аныкталып, тиешелүү акт түзүлгөн. Материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Ал эми 7 жана 14-августта район аймагындагы бир катар МАБдарда өткөрүлгөн рейддерде мыйзамсыз курулуш жана жерди өз алдынча басып алуу фактылары катталган эмес.
Биринчи май районунда да мындай мыйзам бузууларды аныктоо боюнча иштер уланууда. Маевка айылындагы «Бугу-Эне-Багыш» жана «Алтын Казык» конуштарында өз алдынча үй куруу фактылары көзөмөлгө алынган. №205, №207 жана №208 МАБдардын аймагында 2024-жылдан бери мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтө элек курулуш объектиси демонтаждалган.
Мындан тышкары, 2026-жылы №207 МАБдын аймагындагы «Теңдик» конушунда бош жер тилкелерине пайдубал куюунун үч мыйзамсыз фактысы аныкталып, материалдар Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Октябрь районунда 7-сентябрда милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамсыз курулуштун үч фактысы аныкталды. Тактап айтканда, курулушка кошумча бөлүк тургузуу, пайдубал куюуга жер даярдоо жана дубал тургузуу иштери жүргүзүлгөн. Бардык объектилер боюнча актылар түзүлүп, курулуш иштери токтотулган.
Ошондой эле «Анар-Бак» конушундагы жер тилкесин өз алдынча басып алуу боюнча шектүү факт аныкталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Бишкек мэриясы жер тилкелерин пайдаланууну көзөмөлдөө жана мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.