Бишкекте 18-20-май күндөрү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт
Бишкекте кайрадан жамгыр жаашы күтүлүүдө. Мындай алдын ала божомолду синоптиктер беришүүдө.
18-майда аба ырайы өзгөрүлмө булуттуу болот. Түнкүсүн абанын температурасы +12 градуска чейин, күндүз +29 градуска чейин көтөрүлөт.
19-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +14 градус болот. Күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +26 градуска чейин жетет.
20-майда да жаан-чачын күтүлөт. Түнкүсүн жылуу болуп, абанын температурасы +13 градуска чейин жетет. Күндүз +26 градус болушу болжолдонууда.