"Эркин-Тоо"

Бишкекте 18 жаштагы Албина изделип жатат

Бишкек шаарында 18 жаштагы Бапиева Албина Бакытбековна дайынсыз жоголду. Ал 2003-жылы төрөлгөн, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
Милиция кызматкерлерине билдирүү 8-апрелде түшкөн. Албина 7-кичи райондогу үйүнөн чыккан бойдон дареги белгисиз болуп жатат.
Анын бою 165 см чамалуу, арык, чачы күрөң. Кызыл куртка, жинсы (клёш) шым, кара бут кийим кийип, кара рюкзак көтөрүп жүргөн.
Милиция кызматкерлери Альбина тууралуу маалыматы бар бардык жарандардан 0(553) 102-189, 0(500) 09-99-00, 0(312) 54-41-84 номуру жана 102 кызматына байланышка чыгууну суранат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!