Бишкекте 19 чакырым жаңы жол салынат

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24

2026-жылы Бишкек шаарында 19 чакырым жаңы жол салуу пландалууда. Бул тууралуу шаардын мэри Айбек Жунушалиев коллегиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары 100 чакырым жол реконструкцияланып, 6 жаңы көпүрө курулат. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жол түйүнүн куруу каралууда.

Мэр 28 чакырым тротуар, 20 жер алдындагы жана 3 жер үстүндөгү жөө өтмөк салынарын белгиледи.

Эске салсак, 2025-жылы борбор калаада 92 км жол оңдолгон.

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X