Бишкекте 19-майда жол кыймылы убактылуу чектелет
Эртең Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр 19-майда шаарга чет элдик делегациянын келиши менен байланыштуу.
Кайгуул кызматы жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырды.