Бишкекте 21-июлда айрым аймактар суусуз калат
21-июлда Бишкектин айрым аймактарында суу убактылуу өчүрүлөт
21-июль күнү саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.
Маалыматка ылайык, суу Маевка айылындагы Скворцов, Шаттык, Чүй-39, Түлөбердиев, Жапаров жана Жаңылык көчөлөрүндө жайгашкан турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге берилбейт.
Суунун өчүрүлүшү «Өмүр Булагы Елена» суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо жана алдын алуу иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырып, пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматты «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу алып турууну сунуштады.