Бишкекте 21-октябрдан баштап №31 жаңы автобус каттамы ишке кирет
21-октябрдан тарта Бишкекте №31 жаңы автобус каттамы иштей баштайт. Каттам «Ак-Жар» конушунан Ибраимов көчөсүнө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Жаңы каттамда күн сайын 7–8 автобус кызмат көрсөтөт.
Каттамдын ачылышы шаар тургундарынын коомдук транспорт менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту арттырууга багытталган.