Бишкекте 22 окуучуга, 19 мугалимге вирус жукту

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 17

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күнгө Бишкек шаарындагы мектептеринен 22 окуучудан жана 19 мугалимден коронавирус аныкталган.
Буга байланыштуу жети мектептин 11-классынын окуучулары аралыктан окууга жиберилген.
Окуу башталгандан тарта 1-,2-,3-,4-,5-,9- жана 11-класстардын окуучулары, жалпы 100 миң бала мектепке барган. 1 377 окуучунун ата-энелери балдарын аралыктан окутуу тууралуу арыз жазышкан.
Учурда № 13, 28, 52 орто мектептерде окуучулар онлайн режимде окуп жатышат.

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X