Бишкекте 30 миң көчөт отургузулду

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, жазгы көчөт отургузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда питомникке жалпы 50 миңге жакын көчөт алынып келинген. Бүгүнкү күнгө карата алардын 30 миң даанасы шаар аймагына отургузулду.

Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга иштердин темпин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле ал питомниктин инфраструктурасын жакшыртуу, кызматкерлер жана келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эс алуу зоналарын уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары, мэр аталган аймакты келечекте экинчи Ботаникалык бакка айландыруу максаты коюлганын билдирди.

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X