Бишкекте 5-класстар үчүн көчүрүү экзамендери башталды
Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарында 5-класстардын окуучулары үчүн мамлекеттик тил боюнча көчүрүү экзамендери старт алды. Экзамендер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №509/1 буйругунун негизинде уюштурулуп жатат.
Маалыматка ылайык, көчүрүү экзамендеринин негизги максаты — окуучулардын окуу жылы ичинде алган билим деңгээлин аныктоо жана билим сапатын баалоо. Экзамендер алдын ала бекитилген графикке ылайык борбор калаадагы бардык мектептерде өткөрүлүүдө.
Шаардагы билим берүү мекемелеринде экзамендерди өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө камсыздалганы белгиленди. Мындан тышкары, сынактардын ачык-айкын жана тартиптүү өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан көчүрүү экзамендеринин жүрүшү көзөмөлдөнүп, билим берүү уюмдарына методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүлүүдө.