Бишкекте 5 миң дарыгерге ипотекалык турак жай курулат

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Бишкектин түштүгүндө курула турган медициналык шаарчанын жанында дарыгерлер үчүн көп батирлүү ипотекалык үйлөр салынат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.

Долбоордун алкагында 5 миң дарыгерди кезексиз ипотекалык батир менен камсыз кылуу пландалууда. Учурда турак жайлар курула элек, бирок медшаарчанын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралган.

Министр ошондой эле жакын арада 2 миңге жакын дарыгерге батир берүү пландалып жатканын, алар боюнча тизмелер даяр болгонун маалымдады.

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X