Бишкекте 7-Апрель менен Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
Бишкек шаарында эстакадалык көпүрө куруу долбоорунун алкагында 2026-жылдын 2-августунан тартып 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө курулуш-монтаж иштеринин биринчи этабын коопсуз жана үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында киргизилүүдө.
Жол жабылган мезгилде унаалар алдын ала белгиленген альтернативдүү каттамдар аркылуу өткөрүлөт. Айланып өтүүчү жолдорго убактылуу жол белгилери орнотулат.
Шаар бийлиги айдоочуларды жана коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн сапарларын алдын ала пландап, жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууга, ошондой эле мүмкүн болушунча альтернативдүү көчөлөрдү пайдаланууга чакырат.