Бишкекте 7 мугалим, 14 окуучу коронавирус илдети менен ооруп жатат

2-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 20

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева маалымат жыйында 14 окуучу коронавирус илдетин жуктуруп алганын маалымдады. Анын айтымында, азыр борбордогу мектептерде окутуу салттуу түрдө жүрүп жатат. 1-апрелде төртүнчү чейрек башталып, 105 миң окуучу шаар мектебинде кадимки тартипте билим алышууда. Учурда 14 окуучудан коронавирус илдети табылган. Мындан сырткары 7 мугалимге да диагноз коюлган. Алар учурда дарыланышууда.

2-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X